воскресенье, 11 ноября 2012 г.

Күз


Жалбырактар саргарып, айлана жашыл көйнөгүн сары – кызыл түскө алмаштырып, мезгил алмашып, короого күз келет. Азыркы көз алдымдагы алтын күздү окуучу кезден бери кездештире элек экенмин. Андан бери жыл сайын күз мезгили мындай түскө кулпурганы менен, мен окуу, жумуш менен алаксып коңуз күздүн кооздугуна көңүл буруп карабай келсем керек.
Айылда күз өзгөчө кубулуп, кооз болот эмеспи. Мектепке барчу жол бак-дарактардан түшкөн саргарган жалбырак менен төшөлүп, маал маалы менен жааган жамгырга жер тоорсуп, өзгөчө күздүн жыты сезилип, арабада дыйкан жыйын терин жыйнап, таң саардан ар-бири өзүнүн милдетин аркалап күн кечет эмеспи. Ушул жолдо мектепке күнүгө барып келип, көзгө жагымдуу көрүнөн жалбырактардан терип алып, китептип ортосуна бекитип койгон күндөр кимде гана болгон эмес. Ал кезде эртерээк мектепти бүтүп, чоң шаарга окууга барганды көксөп, максатыбызга жеткенибиз менен жаратылыштын керемет кооздугун бийик имараттарга, зымга байланган узун жүргүнчү ташычу машинелерге алмаштырып, эртеден кечке аудитория, офис деген немелерден чыкпай алтын күздүн элесинен алыстап кеткенимди бүгүн сездим.
Жумуштан шашып чыгып бара жатып, таман алдымда үйүлгөн сары жалбырактарды көргөндө токтой калып, колумдагы китептин ортосуна салып койдум. Күз. Алтын күз. Ммм... азыр кайсыл ай? Ноябрь. Былтыр бул маалда эмне кылдым эле? Күн чыга электе бийик тамдарды аралап, аялдамага шашып, эл толгон маршруткадан орун алып, күн чыга электе жумушка барып, иш менен алектенип күндүн эмес, күздүн кантип өткөнүн байкабай калган турбаймынбы. Бүгүн кайсы күн?.. Дем-алыш күнү сейилдеп келбесемби...деген ойлор менен кайрадан күнүмдүк турмуштун агымына кирип кеттим.    
Күз. Жекшемби. Аба-ырайынын жылуулугу жан-дүйнөнгө башкача дем берет. Сыдырым жел согуп, бул жылдагы күз дагы сапарын карытарынан маалым берет. Күзүндөгү каникул бүгүн бүтөт, эртең сабака деген байкемдин кызы менен баласын жетелеп,  бир туугандарым менен жекшемби күнү жаратылышка чыгып сейилдеп келдик. 
  Көз алдыма жомоктогудай жашоону элестетип, тирликтин кулуну болуп, кээде айлана-тегеректеги кооздука көнүл бөлбөй бара жатканымды моюнга алдым. Эртемененкисин ишке бара жатканда бир саам көчөдө токтоп туруп, асманды, жерди, жаратылыштын кооздуна бир суктанып, мен чындыгында көзүм көрүп турган жомокто жашаганыма ынанып, сапарымды уламай болдум.
 

Комментариев нет: