Мектепте окуп жүргөндө "Жайкы эс алууну кантип өткөрдүм" деген темага дил баян жазгандан эринчү элем. Азыркы убакта мектеп окуучусу болсом төмөндөгүдөй кылып, сүрөттүү дил баян жазат элем.
Жайдын ысык аптабында бир жума айылдагы үйдө эс алып келдим. Токойдун жээгинде жайгашкан айылдын четиндеги алма-багы бар "бейиштин төрүндөй" болгон жердеги эс алуу - эң мыкты эс алуу болду. Айлана-тегеректеги көрүнүшкө өзүм тойбой, кошунабыз Ислам байкенин аппаратын сурап алып, сүрөткө тартып алдым.
Бул сүрөттөгү алмурут - "Талгар сулуусу" (Талгарская красавица) абдан даамдуу. Бактын көлөкөсүндө түшкү тамактан кийин чалкалаап жатып алып таркан сүрөттөрдүн бири:
Саратан жайда мындай көлөкө жерге отуруп эс алууга эмне жетсиин.
Бул алмалар бышып, терилип, капка салынып, шаарга келип калды. Быйыл Таластыктар алмадан шире (сок) жасаганды үйрөнүп алышыптыр. Коноко, тойго каяка барба баардыгынын үйүндө дасторкондо табигый алма ширеси.
Жай келип элдин баарып көлгө, жайлоого эс алууга кетишет. Менин быйылкы өзгөчө эс алуум төмөндө сүрөттөгү "эжекелер" менен абдан кызыктуу өттү. Алма-бакты, помидор, барыдаңды сугарып, короодогу эки козуну карап, казанга даамду тамак жасап, болушунча үй кожойкеси болгондон тышкары "моделдерден" кем калбай сүрөткө түштүк. Мен бул саам мойнуна мурду узун сүрөт тарткыч аппаратты илип алган, чачы тармал, курсагы чыккан сүрөтчүнүн ролун аткардым. Бул кадрды алыш үчүн сүрөтчү аппаратынын тумшугу менен чөптүн аралап жүрдү. Фотоаппараттын ээси укса эмне дейт болду экен.
Болочоктогу доктур айым жайкы эс алуу убагында.
"Дочь Советской Киргизии" чыгармасы менин көз карашым менен :) |
Бул дагы болсо жайкы эс алуунун бир күнүнөн алынган сүрөттөр. Билинбей убакыт өтүп, мектеп окуучулары күзгү эс алууга да чыгышты. Кызык, эмки жумада сабака барганда окуучулар эс алуу жөнүндө кандай дил баян жазышат болду экен. (Шайлоого карата үгүт иштери тууралуу кошпосо экен дегеним го).
Бул кышкы эс алуудан сүрөт баян жасоого аракет кыламын.
Комментариев нет:
Отправить комментарий