среда, 14 августа 2013 г.

Дүйнөдөгү нерселердин баардыгы бир убакта жөн гана кыял болгон...

     Кичинекей кезимде жайкы эс алуумду Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүүнү абдан кыялданчу элем. Анткени ал убакта бизде көлгө барганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Азыр ал кыялдарым орундалып, жыл сайын Ысык-Көлдө ата-эне, бир туугандар, дорстор жана чогуу иштеген адамдар менен жагымдуу эс алуу өткөрүп келем.
       Бул жылы орифлэйм компаниясынын консультанттары менен көл жээгинде 3 күн эсте калаарлык окуяларга туш болуп,Ысык-Көлдө жомоктогудай каникул өткөрүп келдик.

Күндүзү суу жээкте ойноп, кечкисин бөлмөбүздө чогулуп алып "Мафия" оюнун ойнодук. Оюндун 15 катышуучусу Италиянын Палермо шаарынын жашоочулары болуп,ар бирибиз өзүбүзгө италия тургундарынын ысымдарын тандап, төш белгибизге атыбызды жана кесибибизди жаздык. Менин италиялык атым Стелла, кесибим үй-кожойкеси болду. Бир оюнда футболчу Дель Пьеро менен мафия болуп, оюндан жеңишке жеттик. Тигүүчү Моника, дизайнер Рената, актриса Джульетта, мугалим Розалина, багбан Лилу сыяктуу адамдар менен оюн курдук.
Бул үч күн бир убакта менин кыялым болсо азыр ал иш жүзүнө ашып, жагымдуу маанай тартуулап жатат. Азыркы кыялым Италияда сонун окуяларга туш болуп, дүйнө кыдырып саякат жасоо. 
 
Орифлэйм ар бирибизди ар тараптан таң калдырып, шыктандырып келет. 
Учурдагы 11-каталогдо болуп жаткан "Италиядагы окуя" супер акциясы Кыргызстандагы ар бир кыялкечке өзүнүн кыялын орундатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 
Орифлэйм компаниясынын консультантысызбы, кардарысызбы же такыр эле орифлэйм жөнүндө маалыматыңыз жокпу - андан көз каранды эмес. 
Эң негизгиси Италияда кызыктуу окуяны башыңыздан өткөрүүнү кааласаңыз - анда бул маалымат сиз үчүн! Акцияга катышыңыз.   oriflamekyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине катышууга болгон каалоңузду жазыңыз, кеңеш беребиз. 
Шарттары жөнөкөй: 
1) Август айынын жыйырма төртүнө чейин №11-каталогдон 3200 сомго орифлэйм продукциясын алып, заказ менен кошо атайын акцияга катышууга уруксат берген промо-код жазылган скетч картага ээ болосуз. 
2) Вконтакте сайтындагы http://vk.com/oriflameca тобуна мүчө болуп, өзүңүзгө Италиядагы окуя тиркемесин жүктөп, промо кодду жазып, өзүңүздүн жайкы окуяңызды сүрөттөр менен жасалгалап,  окуялар галереясына жарыялайсыз.
3) Сиздин окуяңыз онлайн акциянын барагынан оорун алат. Ал жака досторуңузду добуз берүүгө чакырыңыз да, эң көп добуш топтоп, орифлэймден Италияга саякат утуп алыңыз. Жеңүүчү 9-сентябрь күнү аныкталат. 

 Дүйнөдөгү нерселердин баардыгы бир убакта жөн гана кыял болгон.
Бүгүнкү кыялыңыз - эртең орундалсын! 

понедельник, 12 ноября 2012 г.

That's great when you feel every season has its own charm...


       Spring is the time when the sun climbs ever higher, warming up the earth and all living things. Nature wears nice clothes. Around is full of the birds song and bright green grasses.
       In summer, we've vacations. People spend their vacations in the mountains, lakes or in the gardens at home. In the evening I like to dream in the garden and look to the shining stars on the sky and imagine...
      Autumn ... golden autumn ... The “Golden Autumn” is really beautiful with its trees full of yellow, red, bronze and golden leaves falling through the air, dancing like a ballet!
       Winter is a very beautiful time of year. It is pleasant to walk when it's snowing. The ground is completely covered with snow. Trees and rooftops are white with snow too.
       Nature sent us magic seasons. We've all over four seasons, four colours, four different feelings, four life styles ... each season has its own charm and character, can be enjoyed all year around in KG    
      
      It was snow yesterday !
      Look It's beautiful today
      Around is very nice
      But it has no ice
      It's a wonderful present
      That sometimes nature sent
      For the people in the Land!
( from my copybook 10th form )

воскресенье, 11 ноября 2012 г.

Күз


Жалбырактар саргарып, айлана жашыл көйнөгүн сары – кызыл түскө алмаштырып, мезгил алмашып, короого күз келет. Азыркы көз алдымдагы алтын күздү окуучу кезден бери кездештире элек экенмин. Андан бери жыл сайын күз мезгили мындай түскө кулпурганы менен, мен окуу, жумуш менен алаксып коңуз күздүн кооздугуна көңүл буруп карабай келсем керек.
Айылда күз өзгөчө кубулуп, кооз болот эмеспи. Мектепке барчу жол бак-дарактардан түшкөн саргарган жалбырак менен төшөлүп, маал маалы менен жааган жамгырга жер тоорсуп, өзгөчө күздүн жыты сезилип, арабада дыйкан жыйын терин жыйнап, таң саардан ар-бири өзүнүн милдетин аркалап күн кечет эмеспи. Ушул жолдо мектепке күнүгө барып келип, көзгө жагымдуу көрүнөн жалбырактардан терип алып, китептип ортосуна бекитип койгон күндөр кимде гана болгон эмес. Ал кезде эртерээк мектепти бүтүп, чоң шаарга окууга барганды көксөп, максатыбызга жеткенибиз менен жаратылыштын керемет кооздугун бийик имараттарга, зымга байланган узун жүргүнчү ташычу машинелерге алмаштырып, эртеден кечке аудитория, офис деген немелерден чыкпай алтын күздүн элесинен алыстап кеткенимди бүгүн сездим.
Жумуштан шашып чыгып бара жатып, таман алдымда үйүлгөн сары жалбырактарды көргөндө токтой калып, колумдагы китептин ортосуна салып койдум. Күз. Алтын күз. Ммм... азыр кайсыл ай? Ноябрь. Былтыр бул маалда эмне кылдым эле? Күн чыга электе бийик тамдарды аралап, аялдамага шашып, эл толгон маршруткадан орун алып, күн чыга электе жумушка барып, иш менен алектенип күндүн эмес, күздүн кантип өткөнүн байкабай калган турбаймынбы. Бүгүн кайсы күн?.. Дем-алыш күнү сейилдеп келбесемби...деген ойлор менен кайрадан күнүмдүк турмуштун агымына кирип кеттим.    
Күз. Жекшемби. Аба-ырайынын жылуулугу жан-дүйнөнгө башкача дем берет. Сыдырым жел согуп, бул жылдагы күз дагы сапарын карытарынан маалым берет. Күзүндөгү каникул бүгүн бүтөт, эртең сабака деген байкемдин кызы менен баласын жетелеп,  бир туугандарым менен жекшемби күнү жаратылышка чыгып сейилдеп келдик. 
  Көз алдыма жомоктогудай жашоону элестетип, тирликтин кулуну болуп, кээде айлана-тегеректеги кооздука көнүл бөлбөй бара жатканымды моюнга алдым. Эртемененкисин ишке бара жатканда бир саам көчөдө токтоп туруп, асманды, жерди, жаратылыштын кооздуна бир суктанып, мен чындыгында көзүм көрүп турган жомокто жашаганыма ынанып, сапарымды уламай болдум.
 

пятница, 9 ноября 2012 г.

Жайкы эс алуу тууралуу сүрөт баян

          Мектепте окуп жүргөндө "Жайкы эс алууну кантип өткөрдүм" деген темага дил баян жазгандан эринчү элем. Азыркы убакта мектеп окуучусу болсом төмөндөгүдөй кылып, сүрөттүү дил баян жазат элем. 
            Жайдын ысык аптабында бир жума айылдагы үйдө эс алып келдим. Токойдун жээгинде жайгашкан айылдын четиндеги алма-багы бар "бейиштин төрүндөй" болгон жердеги эс алуу - эң мыкты эс алуу болду. Айлана-тегеректеги көрүнүшкө өзүм тойбой, кошунабыз Ислам байкенин аппаратын сурап алып, сүрөткө тартып алдым. 
          Бул сүрөттөгү алмурут - "Талгар сулуусу" (Талгарская красавица) абдан даамдуу. Бактын көлөкөсүндө түшкү тамактан кийин чалкалаап жатып алып таркан сүрөттөрдүн бири:


Саратан жайда мындай көлөкө жерге отуруп эс алууга эмне жетсиин.

Бул алмалар бышып, терилип, капка салынып, шаарга келип калды. Быйыл Таластыктар алмадан шире (сок) жасаганды үйрөнүп алышыптыр. Коноко, тойго каяка барба баардыгынын үйүндө дасторкондо табигый алма ширеси. 
         Жай келип элдин баарып көлгө, жайлоого эс алууга кетишет. Менин быйылкы өзгөчө эс алуум төмөндө сүрөттөгү "эжекелер" менен абдан кызыктуу өттү. Алма-бакты, помидор, барыдаңды сугарып, короодогу эки козуну карап, казанга даамду тамак жасап, болушунча үй кожойкеси болгондон тышкары "моделдерден" кем калбай сүрөткө түштүк. Мен бул саам мойнуна мурду узун сүрөт тарткыч аппаратты илип алган, чачы тармал, курсагы чыккан сүрөтчүнүн ролун аткардым.
 Бул кадрды алыш үчүн сүрөтчү аппаратынын тумшугу  менен  чөптүн аралап жүрдү. Фотоаппараттын ээси укса эмне дейт болду экен.

Болочоктогу доктур айым жайкы эс алуу убагында.



 "Дочь Советской Киргизии" чыгармасы менин көз карашым менен :)

 Бул дагы болсо жайкы эс алуунун бир күнүнөн алынган сүрөттөр. Билинбей убакыт өтүп, мектеп окуучулары күзгү эс алууга да чыгышты. Кызык, эмки жумада сабака барганда окуучулар эс алуу жөнүндө кандай дил баян жазышат болду экен. (Шайлоого карата үгүт иштери тууралуу кошпосо экен дегеним го).
Бул кышкы эс алуудан сүрөт баян жасоого аракет кыламын.